Бүгүн, 9-июнда коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту.
Марат Иманкулов Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи. Жолугушууда коопсуздук кеңешинин катчысы президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырды.
Эске салсак, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго "милициянын генерал-майору" жогорку атайын чини берилген.