UFC уюмунун мушкери америкалык жылдыз Ким Кардашьянды беттешке чакырды

UFC уюмунун эки салмак категориясындагы чемпиону Аманда Нуньес америкалык теле жылдыз Ким Кардашьянды беттешке чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар анын Инстаграм баракчасындагы билдирүүсүнөн кийин жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, UFC уюмунун президенти Дана Уайт Флойд Мейвезер менен блогер Логан Полдун беттешине комментарий берип жатып, бразилиялык мушкер айым Нуньес менен америкалык жылдыз Кардашьяндын беттеш өткөрүүсүн сунуштаган. Мындай билдирүүдөн кийин Аманда Нуньес өзүнүн Инстаграм баракчасына "Ким, кел, бул беттешти өткөрөлү. Күлкүм келет. Нуньес Кардашьянга каршы", - деп жазып калтырган.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн экс-чемпиону Флойд Мейвезер менен блогер Логан Полдун беттеши АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында болуп өткөн. Беттеш көргөзмө болгон үчүн калыстардын чечими жок аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-06-10 00:20:45
Валядан таяк жеп алып эми ушул ак колго асыла баштадынбы? Кулкум келет )))
+1
Aibekatabaevkg
2021-06-10 12:07:36
Не дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан