Бишкекте түн ичинде өтүп бараткан кызга ыдык көрсөттү делинген жаран милицияга өзү келди

Бишкекте тааныбаган кызга ыдык көрсөткөнгө шектелген жаран укук коргоочуларга өзү келди. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан бүгүн, 9-июнда кабарлашты.

Мекеменин маалыматында шектүү жаран 1999-жылы туулган О.Х. экени айтылат. Ал 8-июнга караган түнү саат 02:20 чамасында Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп бара жаткан кыздардын бирине кокусунан колу тийип кеткенин, алардан кечирим сураганын айтып берди. "Териштирүү иштеринен кийин шектүү делинген жаран чакырууларга милдеттүү түрдө келип туруу менен коё берилди. Тергөө амалдары улантылууда", - дешти мекемеден.

Буга чейин Биринчи Май РИИБине жабырлануучу арыз менен кайрылып, аны жамбашына чапкан жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун алган жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bek.94
2021-06-09 21:58:55
Өзбек жазасын алсын көбүп кетти булар
+1
Aimani
2021-06-09 23:46:49
Эмнеге экспертиза даярдалат.бул жерде анын жамбашы когоруп же кызарып калбайт да .кеп моралдык оскорбление кылганда болуп жатпайбы
+1
uli1234
2021-06-09 23:54:23
Бешинчи точкага урган балабы
+1
rysik79
2021-06-10 11:20:45
Приезжий узбек туганчиктерге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө борборго толуп кетишти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан