Баткенде каналга агып кеткен аялдын жансыз денеси суудан чыгарылды. Куткаруучулар министрлигинен кабарлашкандай, маркумдун денеси билдирүү келип түшкөндөн жарым сааттай убакыттан кийин табылды.
Маалым болгондой, бүгүн, 9-июнда саат 18:25те Батырханов чоң каналына аял киши агып кеткендиги тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмгө түшкөн. Жерине 9 куткаруучу тартылып, саат 18:50дө маркумдун денеси суудан чыгарылды. Сууга түшүп кеткен аял Баткен шаарынын Түлкү-Таш аймагынын тургуну экени белгилүү болду.