
Бүгүн, 10-июнда Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Ош шаарынын Кулатов, Анар кичи райондорунда, Кукумбий, Тээке, Бирлешкен айылдары;
* Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрү;
* Ноокат районунун Төөлөс, Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрү;
* Кара-Суу районунун Фуркат айылы;
* Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи район, Асаналиев, Молодежная, Ленин, Султанов, Чехов, 25-Партсъезд, М.Горький, Токтогул, Панфилов, Краснопартизанский, Джамбул, Бөкөнбаев, Баялинов көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.