Жалал-Абадда мектеп окуучусун сабап кетишти. Милиция кылмыш ишин козгоду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектеп окуучусун сабап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 1-июнь күнү саат 14:00 чамасында 2005-жылы туулган инисин топ балдар сабап койгонун жазган.

"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Окуяга катыштыгы бар балдардын аты-жөнү такталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан