Милиция 15 жаштагы Сезим Сталбекованы издеп жатат (сүрөт)

Чүй облусунун Токмок шаарында 15 жаштагы Сезим Сталбекова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 31-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачы узун күрөң түстө.

Кийген кийими: кара түстөгү футболка, боз жынсы шым, ак-кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Милиция сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан