Бишкекте "Ош базардагы" соодагерлер жайма базар маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө

Бүгүн, 10-июнда Бишкектин "Ош базарындагы" жайма базарлардын маселеси боюнча соодагерлер маалымат жыйын өткөрүүдө. Ага ылайык, "Берекет" базарынын профсоюз комитетинин төрагасы Гулчехра Омонова президент Садыр Жапаровго кайрылып, буларга токтолду:

"Ош базарындагы" жайма базарларды мыйзамдаштыруу максатында көптөгөн акимчиликтерге кайрылып жүрдүк. Анын ичинде Ленин райондук акими Чынасыл Чыныбаевге арыз менен кайрылып, жооп күтүп жүрдүк. Мыйзамдаштырып алгандар болсо дагы улам ар кайсы органдардан текшерүү жиберип кысымга алышат. Акыры мэрияга чейин кайрылдык.Ошентип отуруп биз ЖМКларга, гезит беттерине чыга баштаганда мага карата коркутуулар болду.

Урматтуу Садыр Жапаров, биз жакка көңүл буруп койсоңуз. Эмне үчүн базардагы мамлекеттик тротуарлардан бизнес жасаган мыйзамсыз соодагер аялдар бирөөгө кол салып, укугун тебелеп, жайма базары менен мыйзамсыз соодасын жүргүзүп, эч бир жаза албай келишет", - деп билдирди ал.

Ал арада соодагер Конжанова Бумайрам толуктоо киргизип буларга токтолду:

"Ош базарында" иштегениме 6 жыл болду. Диля жана башка деген каймана аты бар көчө аялдары биздин соода түйүндүн алдына келип алып мыйзамсыз соодасын жүргүзүп жатышат. Биз мыйзамды сыйлап, салыкты төлөп жакшынакай иштеп жатсак, алар басып алып бекер иштегенге кызыкдар.

Ал уюшкан топ аялдар укук коргоо органдары менен бирге иш алып барышат. Аларга милициялардын алы жетпей келет. Ал эми базардагы соодагерлер ал аялдардын үстүнөн арыз жазмак түгүл атын атагандан коркушат.

Урматтуу Камчыбек Ташиев, базардагы тынчтыкты камсыздап, мыйзамдаштырып бериңиз", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан