Депутат Улугбек Ормонов "Элдик салым" деген фонд түзүү боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коомчулук өзү "Элдик салым" фондун түзүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Ыктыярчылар көчөлөрдө туруп алышып ооругандарга акча чогултуп жатышат. Фонд түзүү үчүн уюлдук операторлордун жардамы керек. Бир күнү жыйын өткөрүп ушул маселени талкуулашыбыз шарт. Өкмөт колдоп берсе, эл өзү каражат топтоп берет", - деди ал.