Жайкы туристтик сезонго карата "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы багыты боюнча поезд каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттам 18-июндан баштап жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттай баштайт.
Поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: Бишкек-Балыкчы каттамы саат 07:00до, Бишкек 1 темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.
Балыкчы-Бишкек 1 поезди саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, 22:03тө Бишкек 1 темир жол бекетине келет.
Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин).