Депутат Шайлообек Атазов кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кумтөрдөн" кем калбаган Ала-Бука, Чаткал, Чоң Алай аймактарында көптөгөн кен жайлары иштеп жатат. Алар эч көзөмөлдөнгөн жок. Эгер алардын алтын кендин баарын мамлекеттин пайдасына иштетсек ар бир Кыргыз жараны бакубат жашоого жетишмек. Ошондуктан булардын чыныгы кожоюндарын чакырып, кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу зарыл. "Кумтөрдөн" кийинки кен байлыктар боюнча министрлер кабинети терең иш алып барышы керек”, – деп кошумчалады.