Буга чейин 11-мартта Келечек конушунда №87 мектептин 5-классынын окуучусу мектептен ооруканага жетпей каза болгону кабарланган. Анда Гүлзейнеп Галбаева жакшынакай мектепке барып, сабакта отуруп эс-учун жоготкон. Аны мугалимдер ооруканага алып баратканда жолдо каза болгон.
Ал эми кыздын апасы "кызыма биринчи жардамды жакшы көрсөтүшсө, балким, аман калат беле" деп нааразы болгон. Апасы бүгүнкү күнгө чейин акыйкат иликтөө издеп жүрөт.
Буга байланыштуу бүгүн, 10-июнда кыздын жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Ага ылайык, кыздын жактоочусу Адилет Султакаев буларга токтолду.
"Ошол күнү апасы кызын жакшынакай мектепке алып барат, кыз мектепке киргенде медайым дене табын ченеп сабакка киргизип жиберет. Апасы үйүнө жеткенде, классташ кызы атасына Гүлзейнеп өзүн жаман сезип жатат дегенин угуп, кайра мектепке барса эле ушул иш болуп кетип жатат. Эми бул окуяларды башынан кайталап кереги жок. Учурунда бардык тарап ачык маалымат беришкен. Бул окуяга түзмө-түз информатика мугалими жана башкалар күбө болгон. Кийин 21-мартта мэрия маалымат жыйын берип, окуяга күбө болбогон жарандар башкалардан уккан сөздөрүн айтып көрсөтмө беришкен.
Анда мугалимдер кыздын ошол күнү башы ооруп жатканына карабай апасы парацетамол дарысын берип жиберип салганын айтышкан. Бул нерсеге биз кошулбайбыз, бул бурмалоо. Биздин талап - күнөөкөр адамдарды таап жоопко тартуу.
Учурда 151-берене жардам көрсөтүү боюнча катталып, эч кандай иш жылбай эле токтоп турат. Тергөө деле жүргөн жок. Шалаакылык боюнча мектеп директоруна эскертүү берилген болду, башка иш аткарылган жок", - деп билдирди жактоочу.
Маалымат үчүн:
Буга чейин 11-мартта Бишкек шаарындагы №87 мектептин 5-классынын окуучу кызы каза болгон.
Күндөгүдөй мектепке кеткен кызы кайра үйгө кайтпай калды деген эне
"мектеп жетекчилиги кызым өзүн жаман сезип баштаганда биринчи жардам көрсөтүшсө, балким, аман калмак беле" деп нааразы болгону
маалымдалган.