
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы батирлердин биринде аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКБга 10-июнь күнү түнкү саат 00:07де Токмок шаарынын 3-кичи районунда батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Куткаруучулар айтылган дарекке барып эшикти ачканда батирдин ичинде 1961-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылды. Анын аты-жөнү аныкталгандан кийин Токмок ШИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.