Бишкекте бүгүн, 10-июнда саат 14:00дөн кийин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабык болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа кыймылы үчүн 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрү альтернативдүү көчөлөр болот.
"Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 300 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзүп, сугат арыктары жана тротуарлар төшөлөт.
Жол "Бишкек шаарынын көчө жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен оңдолуп жатат.
Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын суранат.