Президент Садыр Жапаровго бүгүн, 10-июнда Анкара шаарындагы Экономика жана технология университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соода палаталары жана товардык биржалар бирлигинин президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго "Ардактуу профессор" наамынын диплому менен мантиясын тапшырган.
"Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.
Салтанаттуу иш-чарадан кийин Садыр Жапаровдун атынан Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду", - деп айтылат маалыматта.