Бири сотко берсе, экинчиси акча талап кылды. Ырчы Калыс Жакыпов казак аткаруучуларынын доосуна кабылды

Ырчы Калыс Жакыпов акыркы учурларда казак ырчыларынын ырларын кавер аткарып жүрөт. Коңшу өлкөнүн айрым ырчылары ырларын аткарганы үчүн Калыс Жакыповго доо артышты. Бул тууралуу Калыс мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Айтымында, доо койгондор Нурболат Абдуллин жана Рахымжан Жакайым деген казак ырчылары.

"Мен Рахымжан Жакайымдын "Сен мага массың" деген ырын кавер аткарып, Ютубга жарыялап койгом. 4 күндүн ичинде бул ырдын кароосу көп болду. Рахымжан Жакайым менден ырды интернет желесинен өчүрүүнү же 2 миң доллар берип, каалаганча аткарып жүрө берүүмдү талап кылды. Буга байланыштуу ырды өчүрдүм. Ал эми Нурболат Абдуллин "Вальс" деген ырды кавер аткарганым үчүн сотко берди, мен ага көңүл бурбай койдум. Азыркы тапта эмне болуп жатканын билбейм", - деди ал.

Шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү казак ырчыларынын бул кылганын туура эмес деп баалашып, доо арткандар деле кыргыз ырларын аткарып жүрөрүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-06-11 11:51:47
Ошон үчүн бирөөнүн эмгегин уурдабай өзүнчө аракет кылыш керек колуңдан келбейби токтот... Башка иш кыл
Ким ким болбосун кичине бирөөнүн эмгегин алып чыгаарда автордон сөзсүз уруксат суроо керек. Уят ушул үчүн бири бирин сотко берген бул өтө уят иш ортодо канча адамдар күйөрмандар жаман жакшы айтышып калышат. Акыркы убактарда автордук укук эч каралбай калып жатат. Бир эле калыс Жакыпов эмес деги эле биздин ырчылардын 90 пайызы бирөөнүн эмгегин менен жүрүшөт
+4
MKW.MYRZAiYM
2021-06-11 12:09:06
Албетте акча сурайт да, озу ырчынын уруксааты жок ырдап, клип датартып жиберсе. Ырчылар, даяр нерсеге кондунор, озунор аракеь кылып чуркабайсынарбы, ботон ырчынын эмгегин тебелеп, ырын уурдабай!
+5
Datka7777
2021-06-11 12:39:47
Толоп бер да 2 мин долларды!
+5
Mister-XXX
2021-06-12 13:39:55
Туура кылат.Бирөөнун ырын уурдаган ырчы эмес.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан