Орусиялык диетолог кофени сутканын кайсы бөлүгүндө ичсе болорун айтып, эмне үчүн уйкудан ойгонору менен же тамак учурунда ичүүгө болбой тургандыгын түшүндүрдү. Чет элдик басылмаларга адистин түшүндүрмөсүн жарыяланды.
Анда кофе организмдеги микроэлементтердин жана минералдардын сиңүү процессин бузары айтылат.
"Мен бейтаптарыма ачкарын же тамактангандан кийин дароо кофе ичүүнү сунуштабайм. Кофе темир, цинк, магний жана кальций сыяктуу минералдардын сиңишине тоскоол болот. Бул минералдар аялдардын дагы, эркектердин дагы ден соолугу үчүн маанилүү.
Бул суусундукту тамак ичерден жарым саат мурда же тамактангандан бир саат өткөндөн кийин ичсе организмге таасир этпейт. Кофени ушундай тартипте ичүүдө организмдеги минералдык баланс бузулбайт", - деген диетолог Маргарита Королева.