Баткен облусунун Кадамжай районунда 10-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолдорду суу каптап, кум, шагылга толду. Жолдорду тазалап, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тамаша, Совет, Кароол, Кереге-Таш, Майдан айылдарынын ички чарбалык унаа жолдорун жана ички чарбалык арыктарын сел суулары кум, шагылга толтурган. Унаа жол жабылган эмес. Унаа жолдорду, арыктарды калыбына келтирүү үчүн жалпы 3 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 экскаватор жана 15 адам тартылды. Учурда Совет айылынын 5 чакырым унаа жолу калыбына келтирилди. 11-июнь күнү калыбына келтирүү иштери улантылат", - дешти мекемеден.