"Дарбазачылар дагы оюнга чыкпайт". Бүгүн "Ак шумкарлар" Мьянма курамасына каршы беттешет

Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Мьянма курамасына каршы беттешет.

Бүгүнкү оюнда Кыргыз курамасы кайрадан дарбазачысы жок талаага чыгат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

"Сары тизмеге" кирген оюнчулар командадан бөлөк машыгууларды өткөрүштү, чектөөлөр үчүн алар бүгүнкү оюнга катыша алышпайт.

Бул "сары тизмеге" кирген оюнчулар: коргоочу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев", - деп билдирди КФС.

Мындан тышкары, негизги курамдагы Кайрат Жыргалбек уулу жана Тамирлан Козубаев сары айып кагаздардан улам бул оюнга да катышышпайт.

"Ак шумкарлар" бүгүн жеңиш керек!

SUPER.KG порталынан Кыргыз өлкөсү - Мьянма беттешин онлайн окусаңыз болот.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
interpol
2021-06-11 07:43:28
Деерлик шансты алып коюушуптурда. Үмүт үзүлүп баратат
+4
Jaraisyn
2021-06-11 09:03:36
Кембагалды төөнүн үстүндө ит кабат болуп, бизгр калганда ушундай болгонун
+1
Rashingo
2021-06-11 09:16:28
Монголиядан утулгандан кийин шанстын буткону!Коргум да келбей калды.Поляда эптеп эле журушот,башталгандан аягына чейин бир ыкма
+1
Aimani
2021-06-11 10:06:03
Федерация жетекчи начар болуп атат.Сбор кылып Курама коп машыгууларды откорбосо ушу да.Семетей Султанов беле мурун ошол жакшы иштеген экен.сборныйды бир топ которуп койгон эле.Ошол эмгектин баары талаага кетиптир.эми монголияны ута албаган мьянмадан деле утулат болуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан