"Футбол сүйүүчүлөрү үчүн бир ай майрам". Бүгүн Римде "Евро-2020" турнири старт алат

Бүгүн, 11-июнда Италиянын Рим шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугу ("Евро-2020") старт алат.

"Евро-2020" туура бир ай, тагыраагы 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өтөт. Чемпиондук наам үчүн Европанын мыкты делинген 24 командасы ат салышат. Алар 6 тайпага бөлүнгөн. Турнирдин биринчи күнүндө Түркия - Италия беттеши 72 миңден ашуун көрүүчү бата турган "Олимпико" стадионунда орун алып оюндарынын ачылыш аземи болот. Андан кийин дээрлик күн сайын биринчи жана экинчи айлампанын жүрүшүндө үч тайпалык оюндар болуп турат.

11-23-июнь: Тайпалык баскычтагы оюндар; 26-29-июнь: 1/8 финал; 2-3-июль: 1/4 финал; 6-7-июль: 1/2 финал; 11-июль: финал.
Түркия-Италия беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Real98
2021-06-11 08:48:01
Португалия делай
+3
Jaraisyn
2021-06-11 09:02:02
Түз алып берүү дагы деле кыргызстанда жок.
+3
Nur2021
2021-06-11 09:08:00
Майрамынар менен фудбол суйуучулору
+3
bek-94
2021-06-11 09:14:28
Португалия ✊✊✊✊
+1
zhaynak
2021-06-11 09:29:03
КТРК спорт оз созуну айт эми, туз, тупит этпей алып бересинби оюнду же кийиин футбол буткондо кайталоо коюп бересинби? Бир нерсе дечи. КРде жалгыз спорт канал сенсин.
+4
assanov97
2021-06-11 10:04:49
Франция
0
CR7_JUV
2021-06-11 10:40:43
Бельгия
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан