АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп анын ордуна келген Жо Байденге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда уктап калбоосун суранып, анын эң жакшы каалоо-тилектерин Путинге жеткирүүсүн өтүндү. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
"Путин менен сүйлөшүүдө Байденге ийгилик. Жолугушуу учурунда уктап калбаңыз жана ага (ред. Владимир Путин) менин эң жакшы каалоолорумду жеткирип коюңуз", - деген Трамп.
АКШдагы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп бир нече жолу өзүнүн атаандашын "уйкусураган Жо" деп атаган.
Владимир Путин менен Жо Байден 16-июнь күнү Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.