Жалал-Абад облусунун аймагында ооган түспөлүндөгү баңгизатты өзгөчө ири өлчөмдө сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизатты ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлду.
"9-июнь күнү Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы жаран кармалган. Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү "гашиш" баңгизаты табылып алынган", - деп билдиришти аталган министрликтин маалымат кызматынан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Милициядан бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.