Сузакта экинчи аял алып, той берген жаранга карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып, той берген жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сузактын тургуну жубайы бар туруп, экинчи аялга үйлөнүп, көпчүлүккө той өткөргөнү тууралуу видео июндун башында интернетке тараган. Ага ал тургундун балдары жана биринчи аялы да катышып, тилек айтышканы коомчулуктун талкуусун жараткан болчу.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 179-беренеси "эки жана андан көп аял алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда Сузак РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз өлкөсүндө көп аял алууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
portugalia
2021-06-11 11:06:25
Чекеден чыгат экинчи аял алгандар озбектерде
+3
SHahabidin-jabborov
2021-06-11 11:20:30
portugalia,ниме барыб корейге ,кытайга ,же негрге тексинби ?.Коомдо эркектерге караганда аял зат коп,бир эрекекге бир аял болсо ,калган аялдар эмне кылат?Барыб башка улутка турмушка чыгат.
-1
mira28
2021-06-11 11:31:36
SHahabidin-jabborov,2 аял алам деген эркек чекеден чыгат,а бирок 2оон тургай 1ди бага алган эркек чанда чыгат азыр.Аял коп эмес,керек болсо бойдок отуп жаткан эркекда коп.
+8
portugalia
2021-06-11 11:10:17
Мектепти толук окубай,куйоого шашышат.Оз укуктарын коргошту билишпейт.
+3
Nurdin060683
2021-06-11 11:16:28
Аялын ойлобосо балдарын ойлобойбу, акчасына кооп мас болбой.
+5
Alixan-Nookat.2015
2021-06-11 11:17:59
Депутаттарда анда жоопкерчиликке тартылыш керек
+4
mira28
2021-06-11 11:29:58
Alixan-Nookat.2015,элге ачыктап алса тартылат депутаттарда.Бул эрдемсип той берип жатат,абал бир аялын багып алсын.Балдарын 16 жаштан иштетсе керек.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан