Айзада Канатбекованын өлүмү: Ала качууга көмөктөшкөнгө айыпталган 5 адам көрсөтмө беришти

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Сотто 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен деп шектелишүүдө.

Соттук отурум эпидемиологиялык абалга байланыштуу онлайн өттү. Айыпталуучулардын көрсөтмөлөрү төмөнкүдөй болду.

- Сыймык Молдосариев күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алды.

- Кубаныч Токон уулу жарым-жартылай моюнга алды.

- Ажыкабыл Рысбай уулу жарым-жартылай моюнга алды.

- Замирбек Раманкулов күнөөсүн моюнга алган жок.

- Орузбек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен моюнга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2021-06-11 11:26:36
Видеодо далили турса да албай жатканын кара.Жаза алсын башкаларга сабак болсун.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан