Бельгиянын жарым коргоочусу Кевин де Брюйне "Евро-2020" алкагынын 1-турунда Орусия курама командасына каршы ойнобой тургандыгын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жарым коргоочу Чемпиондор Лигасынын финалында алган жаракатынан улам айыгып жаткан учуру.
"Экинчи беттеште ойнойм деп үмүттөнөм. Мен толук кандуу айыга элекмин, бирок бир кыйла жакшы болуп калдым", - деген футболчу.
Бельгиянын Орусия менен оюну 12-июнда болот. Андан кийин бельгиялыктар Дания (17-июнь) жана Финляндия командалары (21-июнь) менен тайпалык баскычта ойнойт.