реклама
super.kg logo

Улукбек Марипов Билим берүү министрлигине Татарстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу боюнча тапшырма берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз өлкөсү жана Татарстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында Казань Федералдык университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, аталган маселенин ишке ашырылышына кызыкдарлыгын билдирди.

"Билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз-Татар кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Республикабыздын билим берүү секторуна Татарстандын гана эмес, жалпы Орусия Федерациясынын алдыңкы билим берүү мекемелеринин биринин келиши жергиликтүү жогорку билим берүү тутумунун өнүгүүсүнө оңдуу түрткүсүн берет деп ишенем. Биз Орусия, анын ичинде Татарстан Республикасы менен билим берүү жана илим жаатындагы узак мөөнөттүү, ырааттуу жана жемиштүү кызматташууну жогору баалайбыз", - деди Улукбек Марипов.

Тараптар билим берүүнүн акыркы технологияларын жайылтуу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жогорку окуу жайлары менен Казань Федералдык университетинин ортосунда адистерди даярдоо сапатын аныктоочу жаңы стандарттарды калыптандыруу жана ишке киргизүү боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.

Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров университеттин филиалынын ачылышын пландаштыруу билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-татар кызматташтыгын бекемдөөгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Анын айтымында, учурда билим берүү мекемеси 87 адистик боюнча кадрларды даярдоодо. Ал кошумчалагандай, университет өлкөнүн ЖОЖдору менен "2+2" жана "3+1" биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча активдүү ишти баштоого даяр.

Улукбек Марипов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз мамлекети жана Татарстандын жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташуу боюнча Жол картасын даярдоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: