
Жалал-Абад шаарында гараждан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарындагы С.Бакиев көчөсүндө жайгашкан гараждын ичинде өрт чыгып, Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылды. Өрт саат 04:17де курчоого алынып, саат 04:37де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.