Чүйдө 2 миллион сомдук имаратты жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды

Чүй облусундагы Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасына караштуу баасы 2 миллион 190 миң сом болгон имаратты жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура тарабынан маалымдалды.
Текшерүү учурунда Кара-Балта шаардык мэриясынын чечими менен Р.А. аттуу жаранга жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн аталган райондун бириккен аймактык ооруканасынын стерилизациялык бөлүмүнүн имараты мыйзамсыз түрдө менчикке берилгендиги такталган.
Соттук кароонун жыйынтыгы менен мэриянын чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы оорукананын имараты муниципалитеттин балансына кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан