Ысык-Көлдө жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүштү

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июнга караган түнү саат 00:14тө Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тоң айылындагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда Нива автоунаасы менен DAF XF оор жүк ташуучу автоунаалары бет маңдай сүзүштү. "Кырсыктын кесепетинен Нива унаасынын айдоочусу 1976-жылы туулган А.Н. аттуу эркек киши унаада кыпчылып калган. Жерине Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды унаадан чыгарып "Тез жардам кызматына" өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан