Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Сузак милициясына район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча маалыматтар келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бидиктүү реестрине 253-берене "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 53 жана 48 жаштагы тургундарынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, бирөөсүнүн үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал, 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптары табылган. Ал эми бирөөсүнүн үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалашты.