Осака: "Ак шумкарлар" тайпада Тажикстандан алдыга чыкты. Бирок...

Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япониянын Осака шаарында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма курамасы менен кез келип, 8:1 эсебинде жеңишке жетти.

Бул көрсөткүч менен "Ак шумкарлар" тайпада 10 упай топтоп Япониядан кийин экинчи орунга жайгашты. Тайпадагы эң негизги атаандаш Тажикстанда дагы 10 упай бар. Бирок голдордун саны көп болгондуктан "Ак шумкарлар" экинчи орунга жайгашты.

Кийинки акыркы беттешин Кыргыз курамасы 15-июнда Япония курама командасына каршы өткөрөт. Ушул эле күнү Тажикстан бүгүн бизден ири эсепте жеңилген Мьянмага каршы оюн өткөрөт. Эгерде Тажикстан Мьянманы жеңсе, 13 упай менен 2-орунга чыгат. Ошондуктан тайпадагы экинчи орунду сактап калуу үчүн "Ак шумкарлар" Японияны сөзсүз жеңиши керек же Тажикстан Мьянмага жеңилиши керек.

Япония - Кыргыз өлкөсү беттешин дагы SUPER.KG порталынан онлайн окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2021-06-11 15:32:17
Кудайым буйруса жеңебиз алга Кыргызстан алга ак шумкарлар
+14
Reebok-citi
2021-06-11 15:33:57
Аллах буйурса жеңебиз Кудай колдосун алга Кыргызстан!!!!
+9
Hernandez
2021-06-11 15:35:51
Монголдорду жеңиш керек болчу мындай маселе жаралмак эмес, эми Япондорду жеңүүнү түшүңөрдө көргүлө
+6
-FREEDOM-
2021-06-11 15:38:15
Ийгилик! Женуучу болосунарКуда кааласа
+7
Aimani
2021-06-11 15:53:09
Топ тоголок дейт.жапондорду женип алгыла.ийгилик АК шумкарларга!
+6
rafo80
2021-06-11 19:13:07
Тажикстан Мьянманы жөн эле жеңет, а биздикилер Японияны утуп алышы чооң күмөн.Монголияны жеңиш керек болчу, шанс ошол жерде эле.Ошентсе да ийгилик, топ тоголок го.
+3
Ali-han
2021-06-11 20:26:34
Кичин ойногондо защита жакшы болмок. Ийгилик ак шумкарларга
+3
CompMan
2021-06-11 21:57:59
Япония товарищеский матч ойногондой эле ойнойт. Биздикилер бир гол киргизип защитаны жакшы караса эле Кудай буйруса жеңебиз!
+2
Sajakat14
2021-06-11 22:18:59
Ак Шумкарга ийгилик
+3
Kari
2021-06-11 23:28:33
Ий Кудай,Ак шумкарларга ийгилик каалап,колдоп кубаттайлык.Жакшы тилек жарым доолот дейт.Буюрса женишет деп туралык жапондорду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан