Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата кылмыш ишин токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"9-июнда өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги Э.У. аттуу жаран кармалды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти атайын кызматтын маалымат кызматынан.