Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япониянын Осака шаарында Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма курамасы менен кез келип, 8:1 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргыз курамасы беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандаштарынын дарбазасына жоопсуз 5 гол узатышты.
Мьянма - Кыргыз өлкөсү (1:8);
Голдор: Турсунали Рустамов (22-м), Гүлжигит Алыкулов (29-м), Фархат Мусабеков (34-м), Алимардон Шүкүров (45-м), Мирлан Мурзаев (45-м, 61-м, 78-м,), Абай Боколеев (62-м), Hlaing Bo Bo (62-м).