35 жаштагы орусиялык модель Ирина Шейк менен 44 жаштагы америкалык реп ырчысы Канье Уэсттин сүйүү мамилеси жөнүндөгү имиштер шоу-бизнес айдыңына желдей тарады. Экөө көптөн бери сүйлөшүп жүргөнүн чет элдик маалымат каражаттары жаза башташты.
Маалыматка ылайык, рэпердин мурунку аялы Ким Кардашьян Ирина Шейк менен Канье Уэсттин сүйлөшүп жүргөнүн билет, бирок алардын мамилесине каршы эмес.
"Ким Кардашьян Канье Уэст менен Иринанын ортосундагы мамиледен кабары бар. Ал буга каршы эмес, анткени Ирина Брэдли Купер менен мамилесин токтоткондон кийин өзүн татыктуу алып жүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Алардын дагы бир таанышы Шейк менен Уэст бир нече ай мурун Нью-Йоркто жолугушуп калып, андан кийин сүйлөшө баштаганын айткан. Өткөн дем алыш күндөрү Шейк менен Уэст Францияда чогуу болуп, рэпердин туулган күнүн белгилешкен. Алар Прованс шаарында жайгашкан кымбат мейманкананын айланасында сейилдеп жүргөн сүрөттөрү жарыяланган. Андан кийин Ирина менен Канье АКШга чогуу кайтышкан. Алар жеке учак менен Нью-Жерси шаарына учуп келишип, аэропорттон ар кандай багытта кетишкен.
Эске салсак, Ирина Шейк Брэдли Купер менен мамилесин үзгөндөн кийин эч ким менен сүйлөшкөн эмес. Алардын төрт жаштагы Лея аттуу кызы бар.