"Чуркоочу жолдо велосипед тээп жатышат". "Ден соолук" сейил багында жол белгиге баш ийбегендер айыпка жыгылат

Бишкектеги “Ден соолук” сейил багында велосипед тээп бара жаткан жарандар жол белгилерде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан “Ден соолук” сейил багы спорттук эс алуучу жай катары былтыр Бишкек мэриясы тарабынан кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөн. Жаңы спорттук жабдуулар орнотулуп, асфальт брусчатка төшөлгөн.

Бүгүнкү күндө кээ бир жарандарыбыз коюлган эрежеге баш ийбей, сейил бактын бобордук бөлүгүндөгү атайын чуркоо үчүн аралыгы 500 метр болгон айланма жолго велосипеддер менен киришип, жарышып жатышат. Ал жерде велосипед менен жүрүүгө мүмкүн эместигин көрсөткөн белги да орнотулган.

Мына ушул туура эмес көрүнүшкө карата чара көрүүгө шаар тургундарынан да кайрылуулар келүүдө. Эгерде велосипед тээп бараткан жаран көрсөтүлгөн талапты аткарбаса, Бузуулар тууралуу кодексине ылайык айып салынарын эскертебиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан