Өзбекстанда жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого шектелип, 5 жылга камакка алынган ырчы Жасур Умиров абактан чыкты. Өзбек басылмаларындагы маалыматта айтылгандай, 8-июнда Жогорку Сот ырчыны эркиндигинен ажыратуу чечимин эркиндигин чектөө чечимине алмаштырды.
Белгилүү болгондой, бир ай мурда жабырлануучу өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын айтып, соттолгон адамды бошотууну суранган. Ал эми кыздын атасы жаштардын баш кошконун жарыялаган. "Айыпталуучу мындан ары жаза мөөнөтүн колонияда өтөбөйт. Бирок күндүн белгилүү бир сааттарында ал сыртка чыкпашы керек", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 34 жаштагы Жасур Умиров 2020-жылдын 21-декабрында лицейде билим алган 16 жаштагы окуучуну зордуктоо фактысы менен кармалып, камакка алынган. Ага "18 жашка чыга элек өспүрүмдү атайылап зордуктоо" беренеси менен айып тагылган.
Самарканд облустук прокуратурасынын маалыматы боюнча, ырчынын күнөөсү чогултулган материалдардын, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде далилденген. Мындан тышкары жалган көрсөтмө бергендиги жана кылмышты жашырууга аракет кылгандыгы үчүн эки адамга айып тагылган.
Жабырлануучу кыз өзүнүн көрсөтмөсүндө ырчы ага алкоголдук ичимдикти кыйнап ичирип, андан кийин жыныстык катнашка барганын айткан. Ошондой эле өспүрүмдү ырчынын тааныштары мүрзө жакка алып барып бычак менен коркутканы, кийинчерээк Жасур Умиров кызды дагы зордуктаганын билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине комментарий берген Жасур Умиров баары эки тараптын каалоосу менен болгонун айткан.