Ош облусунун Араван районунда зордукталды делинген 15 жаштагы кыз төрөдү. Облустук милициянын басма сөз кызматынан өспүрүм ушул жылдын 15-майында Араван райондук төрөт үйүндө көз жарганын билдирди.
Маалым болгондой, окуя 2020-жылдын 20-август күнү Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон.
"15 жаштагы өспүрүм кызды ошол эле айылдын 63 жаштагы тургуну күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучу коркконунан окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Качан гана апасы аны 2020-жылы ноябрь айынын аягында ооруканага алып барып, 4 айлык боюнда бар экендиги тастыкталганда гана окуя белгилүү болгон.
Бул факты Жазык кодексинин 164-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш жазык иши ачылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, беттештирүү протоколдору, бир нече экспертизалардын корутундуларынын тыянагынын негизинде шектүүнүн кылмыш жасагандыгы аныкталды. 2021-жылдын 4-июнь күнү шектүү кармалып, 22-июнга чейин камакка алынды. Учурда тергөө амалдары аяктап, иш Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди", - деди маалымат катчы.