Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Ал Польшада өткөн "Poland Open - 2021" турниринде күч сынашты.
Анда Мээрим Жуманазарова жарым финалда франциялык атаандашы Кумба Селен Фанта Ларрокко жеңилип калды. Үчүнчү орун үчүн канадалык Даниэль Сюзанна Лаппаж менен кез келип, 3:1 эсебинде атаандашын жеңип алды.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова аталган мелдеште алтын медаль тагынган.