Мыйзамсыз байыды делинип кармалган бажы кызматынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун мүлктөрү (сүрөт, видео)

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов УКМК тарабынан кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматовдун мыйзамсыз байыганы аныкталып, 323-берене ("мыйзамсыз баюу") боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзити" жана башка уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган. Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен атап айтканда, болжол менен 4 миллион 500 миң АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батир, 1 миллион АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттары мыйзамдаштырылган. Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү С.К. жана Р.К. курулуш компаниясы аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Айтмаматовго таандык болгон", - деп жазылат маалыматта.

Нурбек Айтмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында, тергөө улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Spb
2021-06-12 01:00:02
Елдер бир уйго жетпей атса бунда 30уй бар баарын окмотко откозуп салгыла озун омур бойу турмого жиберсин
+18
mira28
2021-06-12 01:03:52
Аии мына сага жеп чычар.Оозу мурдунан чыккыдай эле болуп калган экен.Ал батирдин 1ин алыш учун эл 15 жылдап мигрант болуп иштеп аран алат.2 метр горуно корот элем жашыл доллар менен кеткенини.Чет олкого да счет ачкандыр.
+14
Aimani
2021-06-12 01:04:24
Не деген байлык.анча мынчабыздын тушубузго кирбейт го
+14
Altins77--
2021-06-12 01:37:42
Ээ кыргыз элим бул айсбергдин усту гана.Ташиев менен Жапаровго аллах куч кубат берсин жана сактасын.
+16
33SUUN
2021-06-12 02:36:17
Мен дары ичип келейинчи.
+18
raikakyz
2021-06-12 10:14:17
33SUUN, Ха ха ха, уктап калайын дедим го үйлөрдү көрүп.
+6
souza.j
2021-06-12 02:46:19
Омур баяны кандай
+7
Jaka1978
2021-06-12 07:28:35
Жогоруда бироо жазыптыр го,дары ичип келейинчи деп,анысынардай менин ыйлагым келди.Эмне деген адамдар
+8
mirkaa5182
2021-06-12 10:34:44
Чирип кетиптир, ашыкча дүйнө, ашыкча проблема болот. Барар жериң 2 метр жер.
+5
Alfiya
2021-06-12 11:12:30
Ушунча дагы жейби?Ынсап кылбайбы?Ушунтип тоноп турушса мамлекет каяктан онуксун.
+10
Omela
2021-06-12 20:34:26
Мага 1 квартирасын берсе жакшы болмок. Эки кызымды Аран чонойтуп жатам, батирден батирге кочуп, айлыгымды жеткире албай
+2
Asmat84
2021-06-12 22:47:09
Оштун жарымын эле алып койгон экен да бул акмак
+3
Kari
2021-06-13 01:15:09
10 жыл Россияда журуп бир чек алыпмын ,ал да адырда же суусу жок,же свет жок.Балдарымды окутайын деп контрактан башым чыкпады ай.Демек башым иштебейт окшойт аа.Булар кантип Кыргызстанда туруп мынчалыка жетишти ай.Мага окшогон канча уй жайсыз адамдар бар.Жеткире албаган.Жок дегенде бизге да бир уй насип этсинчи,мынчалык дуйнонун мага кереги деле жок.Бир уй жетет эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан