Бишкекте унаа уурдаганга шектүүлөр 2 айга камакка алынды

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 23 жана 22 жаштагы жарандар кармалды. Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, кармалгандар 2 айга камакка алынды.
Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда короодо токтоп турган унаасын түн ичинде белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө айдап кеткени айтылган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 206-берене "авто-мото транспорт каражатын уурдоо" менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Аталган кылмышка шектелип 23 жана 22 жаштагы жарандар кармалып, аларга карата Ленин райондук соту тарабынан 2 айга камакка алуу чечими чыкты.
Ал эми уурдалган унаа Сокулук районунан табылып, ээсине кайтарылды. Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан