Оор атлет Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Кыргыз оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Бул туурасында оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Уланбек Молдодосов социалдык тармакка жазып чыкты.

"Учурда Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн мыкты он оор атлетчилеринин катарына кирди. Бул үчүн жеке машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго, оор атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиевге терең ыраазычылыгымды билдирем! Биздин Бакдөөлөт Олимпиада оюндарында алтын медаль алышын каалайм", - деп жазылат билдирүүдө.

Лицензия дүйнөлүк жана континенталдык масштабдагы ар кандай турнирлердеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан