"Мурдагы мэр баш болгон мамлекеттик кызматкерлер...". Баткенде жер тилкелери мыйзамсыз берилип келгендиги аныкталды

Баткен облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан жер тилкелери жооптуу мамлекеттик кызматкерлер тарабынан берилгенин кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси жасалма документтердин негизинде берилгени аныкталды.

"Баткен шаарынын мурдагы мэри С.С. жасалма токтому менен ар бир жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейинки акча каражатына берип турган. Ошол эле учурда Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.К. ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 миң сомдон 200 миң сомго чейинки акчага жер тилкелерин бөлүп берүү үчүн архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде тиешелүү документтердин аткарылышы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Н.Б. тарабынан жүргүзүлүп, ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды.

Бул ишке ортомчу болуп, кардарларды таап бергендиги үчүн Баткен шаарынын 2 тургуну 60 миңден 100 миң сомго чейин акча алып турушкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогорудагы адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын экендиги белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZhanMM
2021-06-12 14:53:32
Тартип орноп, мыйзамдар иштей баштаса буйруса оңолобуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан