Чет өлкөдөн жумуш таап бермекчи болуп акча алган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү 1 айга камакка алынды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Ал жабырлануучуга чет өлкөдөн жумуш таап берүүнү убадалап, акча каражатын алганын Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан белгилешти.

Маалыматта айтылгандай, 8-июнда Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын март айында Ш. аттуу жаран арыз ээсине чет мамлекеттен жумуш таап берүүнү убадалап, ишеничине кирип 300 доллар акча алганы айтылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене ("алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү делинип 1999-жылы туулган Р.Ш. кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дешти мекемеден.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо байланышып коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(550) 102 609, 0(707) 272 744 же 0312 43-28-15.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sofiya05
2021-06-13 09:38:12
Көзүн эле бекитипсиңер го, бетин да жаап, Р.Ш. дан ким жабыркаса айткыла дегенде адамдар айтат эле да мен жабыркадым деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан