УКМК тарабынан Жайыл РИИБинин ыкчам кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Чүй облусунун Жайыл РИИБинин ыкчам кызматкери, лейтенант А.С.У. айрым укук коргоочулар менен биргеликте бир катар кылмыш иштеринин материалдарын жасалмалоо менен алектенип жүрүшкөнү аныкталды.
Тергөө иштеринин натыйжасында А.С.У. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын камак жайына киргизилди. Учурда кылмыш иштеринин материалдарын жасалмалоого катышкан кызматкерлерди аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.