Кыргыз тарап Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдорду ачуу боюнча Түркияга сунуш берди. Мындан тышкары жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуш келтирди. Бул туурасында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев өлкө башчынын Түркиядагы иш сапарында жетишилген келишимдери жөнүндө айтып жатып белгиледи.
Анын айтымында, эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча келишимге кол коюлду. Бул документ тараптарга өсүмдүк ооруларынын киришин жана карантинге алынган объектилерди чектөө менен карантин талаптарын максималдуу түрдө макулдашууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз мамлекети өтө муктаж болуп турган тамчылатып сугаруу системасын - суу ресурсун үнөмдөөчү технологияларды түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштуруу сунушу айтылды.
Мындан сырткары 800 миңден ашуун сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн башын бириктирген Түркия сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
"Түркияда айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоо системасы жакшы жолго коюлган, мисалы сүттү сатып алуу баалары бюджеттен субсидияланат. Биз топтолгон мындай тажрыйбаны кайра иштетүү ишканалары менен өздөштүрүшүбүз керек. Ассоциация менен сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн программалык камсыздоо боюнча келишим түзүлдү", - деди Азамат Мукашев.