Актриса жана модель Эркайым Абдуллаева менен жолдошу Таймурас Ташиев экинчи ирет ата-эне макамын алышты. Түгөйлөр бүгүн, 12-июнда кырк жылкылуу болушту. Эркайым Абдуллаева Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарганы аны менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Учурда кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Экинчи төрөт болгонгобу жеңил болду. Наристе 3 килограмм 280 грамм салмакта, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Кызыбызга ысымды таята, таенеси ыйгарат", - деди ал.
Эркайым Абдуллаева "Миллиондук мелдеш 2" тасмасына жана бир катар клиптерге тартылган. Ал 2018-жылы ноябрь айында Таймурас Ташиевге турмушка чыгып, экөө Чычкан жылында уулдуу болушкан.