
Баткен облусунда өзүнөн улуу жаранды уруп, уюлдук телефонун тартып алганга шектүү кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя 11-июнда Кызыл-Кыя шаарында орун алган.
"Ноокат районунун Кара-Таш айылынын 40 жаштагы тургуну унаасында отурган кезде өзүнөн кичүү курактагы бала аны себепсиз уруп, колундагы уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси (тоноочулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмышка шектүү катары Араван районунун 30 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнөн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Телефон өз ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти башкармалыктын маалымат кызматынан.