Америкалык атактуу мушкер Флойд Мейвезердин Лас-Вегастагы үйүнө каракчылар кирип, тоноп кетти. Мушкер үйүнөн бир катар баалуу буюмдар жоголгонун айтып, маалымат билгендерге ири суммадагы акча сунуштады. Бул туурасында чет элдик басылмалар спортчуга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"Көптөгөн баалуу сумкалар жана башка кымбат буюмдар уурдалган. Менин буюмдарымды кайтарып алууга жардам берген маалымат үчүн кеминде 100 миң доллар сунуштайм. Ушунун бардыгын уурдап алуу үчүн ач көздүктүн кандай деңгээлине ээ болуш керек түшүнүксүз. Бардык маалымат үчүн рахмат", - деген ал.