Ош облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн, 13-июнда катталды.
"Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында Хонда Фит жана Дэу Матиз унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп (1 аял, 1 эркек, 1 наристе), 2 эркек киши оор жаракат алышты (аты-жөндөрү такталууда). Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди", - дешти мекемеден.