Гонконгдо 2013-жылдын 6-18-ноябрь аралыгында өтө турган "Дүйнөнүн Мисс Модели-2013" сынагына Кыргызстандан Алина Ибраимова катышат. "Сынактын жүрүшүндө катышуучулар калыстардын жана элдин алдына улуттук кийим, кечки көйнөк, купальник менен чыгып, өнөрлөрүн тартуулашат",-деп билдирет Кыргызстанда сулуулар сынагын өткөрүп жүргөн Interalliance KG компаниясы.